Жаңылыктар
Өзгөндө жер көчкү жүрүп, турак үйлөрдү басып калды
Өзгөчө кырдаал
Өзгөндө жер көчкү жүрүп, турак үйлөрдү басып калды

Өзгөндө жер көчүп турак үйлөрдү басып калды. Ош облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, төрт үйдү басып калганын Өзгөчө кырдаалдардар министрлиги билдирди.

Жер көчкүнүн узундугу болжол менен 800, бийиктиги 4-15 метр. 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп барган жер көчкүнүн алдында бир үй-бүлө 6 адамы менен (үй ээси, аялы жана 4 баласы) калган. 

Эки үйдө адам жок болгон, дагы 2 үйдөн адамдар качып чыкканга үлгүргөн. Ошондой эле көчкү түшкөн адырдын арткы бетинде дагы бир турак жай бар экени айтылат. Бактыга жараша андыгалар дагы качып чыкканы кабарланууда. 

Өзгөн районунун борборунан Топ-Жаңгак участкасына чейин 31 чакырымдык жол. Анын акыркы беш чакырымына унаа бара албагандыктан жөө же ат менен катташат.

Топ-Жаңгак участкасында жогору тарабынан жер көчкү кайрадан кайталанып, кооптуу абал жаралгандыктан издөө-куткаруу иш-аракеттери убактылуу токтотулду.

Учурда куткаруу топтору жеринде иш алып барышууда.