Жаңылыктар
ЖККУ Өзбекстан менен Түркмөнстанды кызматташууга чакырды
Саясат
ЖККУ Өзбекстан менен Түркмөнстанды кызматташууга чакырды

Жамааттык коопсуздук келишим уюму борбор Азиядагы Өзбекстан менен Түркмөнстанды тыгыз кызматташууга чакырды. Бул тууралуу аталган коопсуздук уюмга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык терроризм менен диний экстремизм коркунучу тууралуу докладында айтылат. Анда ЖККУнун Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыз кылуудагы ролу зор экени белгиленген.

Серепчилер биздин чөлкөмдөн чыккан экстремисттик топтор да Ооганстанда, Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, тажрыйба алгандары кайра мекенине келип, кооптонуу жаратарын айтышат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары Ооганстандагы, ага чек аралаш мамлекеттердеги, Тажик-ооган чек арасындагы абалга тыкыр көз салып турганы докладда айтылат.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"