Жаңылыктар
ӨКМ: жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери убактылуу токтоп турат
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери убактылуу токтоп турат

Ничке-Суу айылынын Топ-Жаңгак участкасында 26-мартта топурак алдында калган үй-бүлөнү куткаруу иштери маалында үч жолу жер көчкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кооптуу абал жаралгандыктан жана ылай болгондуктан көчкү баскан үй-бүлөнү издөө-куткаруу иштери убактылуу токтоп турат. 

Эскерте кетсек 26-марттын таңында түшкөн көчкүнүн узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 метрди түзгөн, жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, бир үйдү басып калган. Көчкү алдында калгандардын тизмеси жарыялады. Алар - алты адамдан турган бир үй-бүлө мүчөлөрү, төртөө балдар.