Жаңылыктар
Өлкөдө үчүнчү революция болбойт
Саясат
Өлкөдө үчүнчү революция болбойт

Мамлекетте үчүнчү революция болбой турганын президент Алмазбек Атамбаев, 24-март  күнү Бишкекте 2005-жылдын  24-мартындагы ыңкылапка  арналып  жасалган гүлбакчаны  ачуу  иш-чарасында  дагы  бир ирет кайталап өттү. Мамлекет башчы,  азыркы   Кыргызстан башка өлкөгө айланган,  үчүнчү  революциянын  өтүүсүнө   негиз  да  жок  деди. Президенттин  бул айткандарын учурда көпчүлүк колдоого алууда. Бир катар талдоочулар  элге, мамлекетке  тынчтык  керек, өлкөнү туруксуздаштырууну  көздөгөн  айрым бир саясий күчтөрдүн ыкмалары, ой-тилеги бүгүнкү күндө коомчулукка  белгилүү болуп калган.  

Бирок  азыркы мезгил  кыргызстандыктардан   куру намыстан ар намысты  жогору  коюу  талап кылып жаткандыгын белгилешет.  Алардын айтууларында,  ар намыс  мамлекеттин келечеги, бүтүндүгү үчүн  иштейт. Куру намыс  болсо,  жеке бир адамдын кызыкчылыгын  калп да болсо  коргоп,  бул  биздин  бала, колдоп коёлу деген   адамдагы сапат,-деп учурда элди  козутуп  митингге үндөп   жаткандарга  дал ушинтип  мүнөздөмө беришет талдоочулар. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"