Жаңылыктар
Бишкекте курал-жарак катылган беш гараж табылды
Кылмыш
Бишкекте курал-жарак катылган беш гараж табылды

ИИМнин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын кызматкерлери ири көлөмдө курал-жарак жана жардыруучу заттар катылган гараждарды табышкан.  

Куралдарга тийиштиги бар деп колго түшкөн жарандын айтымында,  булардын  көбү  кылмыштуу топтун жетекчиси, маркум Алмамбет Анапияевден  калганын билдирген.   Учурда аталган фактыга карата Кылмыш жаза кодексинин 241-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бегайым  Абдыкадырова  "Биринчи радио"