Жаңылыктар
"Улуттук Туруктуу өнүгүү стратегиясын" жакшыртуу иштери жүрүүдө
Экономика
"Улуттук Туруктуу өнүгүү стратегиясын" жакшыртуу иштери жүрүүдө

"Улуттук Туруктуу өнүгүү стратегиясында" 77  ири улуттук долбоорду ишке ашыруу пландалып, бекитилген. Анда энергетика, айыл чарба, тоо кен, өндүрүш -логистика тармактарына  басым жасоо каралган. Бүгүнкү  күндө бул ири долбоорлордун жыйырмадан ашыгы толугу менен ишке ашырылып, бүткөрүлсө, 42синин үстүндө иштер уланууда. 

Ошентип кыргыз экономикасынын өнүгүшү-алды менен инвестициялык климаттын жакшырышы менен тыгыз байланыштуу болгондуктан, бул багытта иштер уланууда. Президент дагы чет өлкөлөргө иш сапар менен чыккан сайын ал жактардан инвесторлорду тартууга, кызыктырууга көп аракеттерди жасап келет. Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн финансылык сабаттуулук дагы өзгөчө  керек болуп турагынан адистер белгилешет. Анткени каржы сабаттуулугу акырындык менен каржы маданиятуулукка өтөт-дешет алар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"