Жаңылыктар
Санариптик телеберүү тууралуу түшүндүрүү иштери күчөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик телеберүү тууралуу түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Республиканын санариптик телеберүүгө өтүүсү тууралуу калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Мындай тапшырма өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков тарабынан тиешелүү жетекчилерге жүктөлдү. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө калктын 95 пайызы санариптик телеберүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми дагы 26 бийик тоолуу айылдардагы 5пайыз  калкка санариптик телеберүү жеткирүү үчүн автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу зарыл. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"