Парламенттин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди карайт.
КТРКнын учурдагы Байкоочу кеңешинин курамы 2012-жылы шайланган. Мыйзамга ылайык, Байкоочу кеңештин жаңы курамына талапкерлерди көрсөтүү, учурдагы кеңештин ыйгарым укуктары бүтөөрүнө үч ай калганда жарыяланат.
КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат. Талапкерлерди президент, парламент жана жарандык коом сунуштайт.