Жаңылыктар
Садыр Жапаров тергөө иши бүткүчө камакта болот
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров тергөө иши бүткүчө камакта болот

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаров тергөө иши бүткүчө №1 тергөө абагынын атайын камерасында кармалат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. 

"Жеке коопсуздук" беренесинин негизинде Жапаров атайын камерада кармалат. Аны менен кошо дагы үчөө отурат. Камерага мөөнөттө турган текшерүүчү жана офицер кире алат,- деп билдирет мекеменин маалымат кызматы. 

Садыр Жапаров медициналык кароодон өттү жана саламаттыгы туруктуу экендиги аныкталды. Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровго карата тергөө иши бүткөнгө чейин камакта калсын деген чечим чыгарган.

 

Эске салсак, Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык", "Бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана "Өлтүрөм деп коркутуу" беренелери боюнча айыпталууда. 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алган. Күбөлөр бул митингди жана андан кийинки мыйзамсыз иштерди Садыр Жапаров уюштурганын, уюлдук телефон аркылуу Каптагаевди бошотпой турууну буйрук кылганын, "мурда макулдашылган план" боюнча иштегиле деп көрсөтмө бергенин айтышкан. Милициянын операциясынан кийин Каптагаев бошотулган. Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров, 25-мартта Алматыдан кайра өлкөгө кайтып келген.