Жаңылыктар
Бишкекте Анатолий Карповдун шахмат академиясы ачылат
Спорт
Бишкекте Анатолий Карповдун шахмат академиясы ачылат

Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында Анатолий Карповдун шахмат академиясы ачылат. Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун шахмат боюнча дүйнөнүн үч жолку Чемпиону Анатолий Карпов менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. 

Карпов Бишкек шаарына 25-март күнү шахмат боюнча балдар арасында өткөн Президенттин кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышуу үчүн келген.

Бийик даражалуу мейманды кабыл алган премьер - «Сиз - көптөгөн муундардын кумирисиз, шахмат ышкыбоздору үчүн - тирүү легендасыз. Сиздин келишиңиз - жаш шахматисттер үчүн улуу гроссмейстер катары дайыма алардын эсинде кала турган жагымдуу окуя болду. Бул турнир - шахматка кызыккан өсүп келе жаткан муундарга дем бере турган маанилүү мелдеш», — деген жылуу пикирин билдирди. 

Карпов - Кыргызстанга мындан 40 жыл мурда, атайын адистештирилген шахмат мектебинин ачылыша келген. Кийинчерээк дайыма Ысык-Көлгө, татаал турнирлерге даярдануу үчүн келип турганын эскерди. Ошондой эле өз сөзүндө "Сиздердин өлкөдө күчтүү шахмат мектеби болгон, анын уучу азыр да куру эмес. Мен Кыргызстанга келип кеткиле деген чакырууну чын дилимден кабыл алдым», - деди. 

Чемпион - Бишкек шаарында өзүнүн автордук шахмат академиясын ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын дагы билдирди.