Катардагы адамдар үчүн чыгармачыл инсандын жашоосу жалаң жакшылыктар менен коштолуп, керемет дүйнөдө өмүр сүрүп жаткандай сезилет. Бирок, баардык адамдар сыяктуу эле өнөр адамдарынын да өзүнчө тагдыры, сахна артындагы татаал турмушу, өзгөчө назик, табышмактуу дүйнөсү болоорун баары эле биле бербейт. “Сахна” уктуруусунда дал ушундай өз өмүрүн сахнага арнаган өнөр адамынын жан дүйнөсү, сүйүүсү, татаал тагдырын чагылдырган “Актриса” аттуу драма тууралуу сөз кылабыз.
Б. Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры тарабынан даярдалган “Актриса” драмасынын автору, жазучу, драматург КРнын Эл акыны Менди Мамазаирова.
Режиссеру: КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талант Апиев.
Сүрөтчүсү: Бакыт Тилекматов
Ролдордо: Айым Белековна – КР Эл артисти Назира Мамбетова
Айымдын жаш кези Айя – Айнура Акылбек кызы
Айбар – Руслан Курманалиев ж.б.
Уктурууну даярдаган Умсунай Өсөрова.