Жаңылыктар
Кыргызстандын таза абасы туристтерди суктандырат
Туризм
Кыргызстандын таза абасы туристтерди суктандырат

Кыргызстандагы 4 тарыхый аймак жана Ысык-Көл облусундагы 3 курорттук жай туристтер эң көп келген жер деп табылды. Мындай бүтүмдү көз карандысыз кеңеш берүүчү жана изилдөө жүргүзүүчү SIAR борбору чыгарды. SIAR борбору жүргүзгөн сурамжылоого чет өлкөлүк жана жергиликтүү 600дөй адам катышкан. 

Чет элдик саякатчыларды - Токмоктогу Бурана мунарасы, Өзгөндөгү имам Аль Сарахи күмбөзү жана Саймалуу Таш өзгөчө кызыктыраары белгилүү болду. Ал эми Кажы-Сай, Чолпон-Ата жана Каракол курорту ажайып жаратылышы менен таза абасы аркылуу көптүн купулуна толгон. 

Серепчилердин айтымында, Кыргызстандагы башка тарыхый жерлерге туристтерди тартуу үчүн тейлөө кызматын жакшыртуу кажет. Ошондо гана саякатчылар өлкөбүздү түрө кыдырып, туризмдин өнүгүшүнө жол ачылат.