Жаңылыктар
Президент А. Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри К. Бороновду кабыл алды
Өзгөчө кырдаал
Президент А. Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри К. Бороновду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Жолугушууда Кубатбек Боронов Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу президентке баяндап берди. 

Министрдин айтымында, куткаруучулардын күчү менен жашоого коркунуч жараткан аймактардын тургундары коопсуз райондорго көчүрүлдү. Ал эми жер көчкүнүн кыймылы дагы эле токтобой уланып жаткандыктан издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулду. 

Ошондой эле, министр Боронов Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө түзүлгөн оор кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү жана жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу президентке маалымат берди. 

Мамлекет башчысы табият кырсыктарынан жабыр тарткан адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Андан тышкары, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуну  өз убагында жана сапаттуу ишке ашыргыла деди.