Жаңылыктар
УКМК: А. Шыкмаматовго убактылуу өлкөдөн чыгууга тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: А. Шыкмаматовго убактылуу өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш ишин текшерүүнүн жыйынтыгы менен анын баш коргоо чарасы каралып, ал өлкөдөн тышка чыкпай турган болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, 2017-жылы 17-февралда, Башкы прокуратура ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовго карата, Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурунда коррупциялык аракеттерге барган деп кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде депутат УКМКга бир нече ирет суракка чакырылган. 

2011-жылы Эсеп палатасынын ошол учурдагы төрагасы Сабырбек Молдокулов, кызматтык автоунаа сатып алуу боюнча тендердик комиссия түзүү боюнча буйрук чыгарган. Буйрук чыкканы менен эч кандай тендер өткөрбөй туруп эле өздөрү барып, жаккан унааларын тандап алган. Маалыматта алардын жасалма документтер менен 2000-2001-жылы өндүрүштөн чыккан Mercedes Benz E-класс үлгүсүндөгү автоунааларды сатып алганы айтылат. Мындан тышкары, 2011-жылы 5-октябрда тендер өткөнү боюнча жалган документ түзүлгөн. 

Тендерге "Би Стар" менен "Барат Люкс" компаниялары катышкан. Жыйынтыгында "Барат Люкс" ишканасы жеңүүчү деп табылган. Шыкмаматов өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп "Барат Люкс" ишканасынын тендердик арызына аялынын 2000-жылы өндүрүштөн чыккан Mercedes Benz Е 320 үлгүсүндөгү автоунаасын, 14 миң 637 долларга баалап киргизип, сатып жиберген. Бирок ошол учурда мындай үлгүдөгү машинанын базардагы баасы 10 миң доллардан кем болбогону Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө белгиленет.