Жаңылыктар
Крестинин: дүйнөдө футбол саат сайын өнүгүүдө
Спорт
Крестинин: дүйнөдө футбол саат сайын өнүгүүдө

28-мартта, футбол боюнча Кыргызстан курамасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Макаого каршы биринчи беттешин өткөрөт. Улуттук командада ойногон футболчулардын толук курамы чогулуп, беттешке даяр турушат. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин курамга 23 футболчуну чакырган. Бул беттешке карата командабыз Түркиядан машыгуу сборун өткөрүштү. Крестининдин айтуусунда, бул беттешти сөзсүз жеңүү керек.

Атаандашыбыз ким болбосун, биз жеңиш үчүн гана ойнойбуз. Макаонун буга чейинки көрсөткүчтөрүнө карап, алсыз курама деп айткым келбейт. Анткени футбол бүгүнкү күндө саат сайын өнүгүүдө. Андыктан Макао олуттуу оюн көрсөтүүгө күчү жетет.

Бул беттеште кураманын капитаны болуп Азамат Байматов дайындалды. Ал күйөрмандарды стадионго келүүгө чакырды.

Күйөрмандардын колдоосу алдында ойногон биз үчүн жагымдуу. Алардын сүрөөнү бизге дем-күч берип турат. Андыктан баардык жарандарды Кыргызстан-Макао беттешине келгиле деп чакырып кетмекчимин. Силер биз үчүн маанилүүсүңөр.

Маалым кыла кетсек, Кыргызстан-Макао беттешин сириялык калыс Масуд Туфаели тейлейт. Ага Мазен Зазфон жана Хусам Алхамад Алфри жардамдашмакчы. Аталган оюн 28-мартта, саат 19:30да башталат. Беттешти КТРК СПОРТ каналы түз алып көрсөтөт.

Курамга чакырылган оюнчулар

Дарбазачылар: Матяш Павел («Мазия», Мальдив), Кашуба Валерий («Дордой»), Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»);

Коргоочулар: Валерий Кичин («Енисей», Орусия), Виктор Майер («Эммен», Голландия), Ильяз Алимов («Алай»), Данила Сокирченко, Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев («Абдыш-Ата»), Азамат Байматов («Аль-Риффа», Бахрейн), Дэниэл Тэго («Дордой»);

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков («Егирдиспор», Түркия), Фархат Мусабеков («Алмалык», Өзбекистан), Эдгар Бернхардт («Роденхаузен», Германия), Авазбек Откеев, Павел Сидоренко, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу («Дордой»), Ахлидин Исраилов («Днепр», Украина), Муролим Ахмедов («Алай»), Антон Землянухин («Сукхотай», Таиланд);

Чабуулчулар: Виталий Люкс («Унтерхахинг», Германия), Мирлан Мурзаев («Ушакспор», Түркия).