Жаңылыктар
Бишкектин жолдору оңдолууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин жолдору оңдолууда

Бишкектин ички жолдору оңдоло баштады. Учурда техникалар иштеп, жумуш кызуу жүрүүдө. “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында эки жыл ичинде 95 чакырым жол жана 7 көпүрө курулат. Бул шаардагы унаа тыгындарын бир кыйла жеңилдетери айтылууда.

“Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 49 көчөнү оңдоо каралган. Учурда Бишкек шаарынын 11 көчөсүндө инженердик жумуштар жүрүүдө. Алар:

1. Л.Толстой көчөсү - Шабдан Баатыр көчөсүнөн М.Ауэзов көчөсүнө чейин
2. К.Көлбаев көчөсү - М. Лермонтов көчөсүнөн М.Ауэзов көчөсүнө чейин
3. Саадаев көчөсү - Т.Молдо көчөсүнөн А.Орозбеков көчөсүнө чейин
4. Щербаков көчөсү - М.Ганди көчөсүнөн Баку көчөсүнө чейин
5. Профсоюз көчөсү - Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин
6. Ю.Гагарин көчөсү - Тагай Бий көчөсүнөн Айбике көчөсүнө чейин
7. Лущихин көчөсү - Фрунзе көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин
8. Жамгырчинов көчөсү - Интергельпо көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин
9. Медеров көчөсү - Панфилов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин
10. Иманалиев көчөсү - Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө чейин
11. Токомбаев көчөсү - 12-кичи райондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин

Көчөлөргө асфальт төшөө менен бирге арыктар дагы оңдолуп жатканы кубандырат, -дешет шаар тургундары. Анткени акыркы учурларда көчө жээгиндеги арыктан суу акпай көп жылдык дарактар куурап калууда. Анан да жолдун сапаттуу жасалганы келечекке кам көрүү. “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоору Кытай Эл Республикасынан келген гранттын эсебинен каржыланууда. Аны “China Road and Bridge Corporation” жол куруу компаниясы ишке ашырууда.