Жаңылыктар
Дүйнөлүк акча жумалыгы
Экономика
Дүйнөлүк акча жумалыгы

Кыргызстанда дүйнөлүк акча жумалыгы башталды. Иш-чараны Улуттук банк жыйырмадай каржы уюмдары менен биргелеликте уюштурууда. 27нен 2-апрелге чейин белгиленген иш-чаранын максаты жарандардын каржылык сабатсыздыгын жоюу. Акча жумалыгы Кыргызстанда төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Мындай иш-чара жыл сайын 100 мамлекетте өткөрүлөт. 

Бул жолку акча жумалыгынын алкагында каржылык, банк системасынын кызматтарын тереңирээк талдоо боюнча кеп-кеңештер берилет. Себеби жыл өткөн сайын каржылык аракеттин баарын банк аркылуу жүргүзгөн жарандардын саны арбып барат. Насыя алуу, акча которуу жада калса пенсия менен айлык-маянага чейин жарандар банк аркылуу алууга өттү. Элдин банктарга салган каражаты же депозит да былтыркы жылга караганда 21 пайызга өскөн. 

Демек каржылык түшүнүк, банк кызматын кантип пайдалануу керек деген суроо кары жашы дебей барынкызыктырат. Бул суроолорго акча жумалыгында өтө турган окуу семинар, жарманке ар кандай оюндар аркылуу түшүнүк берилет. Ошол эле учурда Улуттук банк былтыр финансылык сабаттуулукту жоюу максатында атайын программа иштеп чыгып, 2020-жылга чейин белгиленген программаны өкмөт токтому менен бекиткен. Анын алкагында окуучулар, жаштар менен студенттерге акчаны пайдалануу боюнча жана жарандарга деп үч багыт боюнча ыкчам жумуштар жасалып жатат. 

Жылдан жылга акчага болгон мамиле, аны үнөмдүү колдонуу, боюнча калктын түшүнүгү кеңейүүдө. Банктан насыя алып убагында төгө албай калган жарандар да жокко эсе болуп калды. Аманаттарын салып банк кайтарып бербеген учурлар да азайган. Эл аралык уюмдун өкүлдөрү былтыр уюштурулган иш-чара жакшы жыйынтык берген деген баасын берди. быйыл дагы дүйнөлүк акча жумалыгы эл арасына жакшы сиңип,натыйжалуу өтөт деген ишенимде турушат.