Жаңылыктар
Орусияда кыргыз базары ачылды
Экономика
Орусияда кыргыз базары ачылды

Новосибирск шаарында Кыргызстанда өндүрүлгөн жеңил өнөр жай продукцияларынын жарманкеси өттү. Бул иш-чарада кыргызстандык ишкерлер алып барган товарларын сатып, ата мекендик өндүрүштүн мыкты сапатын жарнамалап келишти. Кыргыз товарлары даңазаланган иш-чарага кабарчыбыз Каныкей Жунусова дагы күбө болуп келди. Сатуучулар түнкү жарманкеден арткан кийим-кечектерин күндүз дагы сатышты. Алып барган товары калбай калгандар Бишкектеги жакындарына коңгуроо кагып, тез арада тигип жөнөткүлө деп суранып жатканына күбө болдук.

Жарманке кийим-кечек менен эле чектелген жок. Уздардын колунан жаралган кийиз буюмдар дагы жарманкеге көрк берип турду. Улуту, колдонгон буюму башка болсо дагы кыргыздын шырдагына кызыккан кардарлар арбын болду. Кыргызстандыктар Орусиянын 60тан ашуун аймагында соода-сатык менен алектенет экен. Бул шаарда дагы калып, соода-сатык кылууну улантам деген ишкерлер үчүн көп мүмкүнчүлүк бар. 17 гектар аянтты ээлеген базардын бир канаты “кыргыз базары” аталып, дал ушул кыргызстанда өндүрүлгөн жеңил өнөр жай тармагындагы товарларды сатууга ылайыкташкан. 

Быйыл эгемен Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык ар тараптуу алака байланышына 25 жыл толду. Мисалы 2016-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард 50 миллион долларды түзгөн. Кыргызстан Орусияга негизинен тамак-аш жана кийим-кечек экспорттойт. Биздин өлкө экономикалык биримдикке киргенден бери Орусияда жүргөн эмгек мигринттарына дагы бир топ эле жеңилдиктер болду. Бул жолу дагы орус тарап кыргызстандын жеңил өнөр жайына колдоо көрсөтүү максатында кыргыз базарын ачып, ишкерлердин соода-сатык кылуусуна шарт түзүп берди. Кыргыз товарларынын жарманкеси 1 айга созулат. Демек Сибирдин борбору болгон Новосибирск шарында, Кыргызстандын жеңил өнөр жайын даңазалаганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот.