Жаңылыктар
Кант заводундагы ачуу чындык
Экономика
Кант заводундагы ачуу чындык

Кант кызылчасынан шекер өндүргөн өлкөдөгү жалгыз завод кабыл алган түшүмдү иштетип үлгүрө албай зыянга учурады. “Кайыңды-Кант” заводунда кышы бою ачык асман алдында жаткан 40 миң тонна кызылча чирип кеткен. Ишкана жетекчилиги быйыл дагы дыйкандар көп түшүм жыйнап келсе, баарын иштете албай калабыз деп кооптонуп жатат. Заводдогу абал менен кабарчыбыз Уланбек Дыйканбаев таанышып келген. Былтыр түшүм мол болуп, завод дыйкандардан 710 миң тонна кант кызылчасын кабыл алган. Негизи ишкананын күчү 300 ашып кетсе 350 миң тонна кызылчаны иштетүүгө алы жетет. Сыйымдуулугунан эки эсе көп кызылча жыйнаган ишкана, баарын иштетип үлгүрө албай калган. 

Адистер кант кызылчанын баарын иштетип бүтөөрүнө көзү жетпей, Казакстанга өз баасынан төмөн 66 миң тонна сатууга мажбур болгон. Жалпы эсептегенде завод 350 миллион сомго чейин чыгым тарткан. Ушул күндөрү райондордогу кызылча кабыл алчу пункттарда жана заводдун ичинде арткан кызылчалар үйүлүп чирип жатат. Завод дыйкандар менен эсептешип бүткөн, карызы жок. Адистер дыйкан жүктөп келген түшүмүн өткөрүп алгандан башка айлабыз жок деп билдирди. Анткени бул өлкөдөгү шекер чыгарчу жалгыз ишкана.

Чыгымда учураган ишкана ээлери дыйкан, фермерлерге абалын айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Алар кызылчаны чактап эккиле деп эскертип жатат. Жаз келип дыйкандар жазгы талаа иштерине шымалана киришкени турат. Эгер бул жылы түшүм дагы көп болсо, анда завод көтөрө албай токтоп калышы ыктымал.