Жаңылыктар
"Фабула": Жапаров жаш балдардын убалына калды
Саясат
"Фабула": Жапаров жаш балдардын убалына калды

Басма сөзгө баяндама

"Бакиевдер жыттанат" деген Фабула бүгүнкү санын "Элди курал катары пайдаланган Жапаровдун максаты ишке ашпай калдыбы?" деген теманын алдында чыгарды. Бул темага үндөш майда макалалар бар. "Жапаров жаш балдардын убалына калды" деген ат менен орун алды. Садырды сатып кетишти деген кыска макалага  “бир кезде Ташиев, Келдибеков анан Садыр Жапаров “Бригада” деген атка конушуп, ымалалары аябай ысык эле. Бирине-бири ат мингизип, боз үй тартуулап,  көргөн элди суктантышкан. Учурда кечээ көргөн бүгүн жок дегендей, ошондогу ысык мамиле  кайда кеткен деген суроо жаралып турган кез, темир тор артында камалып турган кезде эки досу үн катканга жараган жок.Үндөбөгөн үйдөй балээден кутулат болушуп, өз азабыңды өзүң тарт дешип тескери бурулушту дегендерди жазды.Ушуга эле үндөш же кечээ жакында өткөн митинг тууралуу пикирлерди да жарыялады. 

Мисалы Баткен Шерниязов: “Негизи бизге тартип керек деп, бул митинг жеке адамдын кызыкчылыгы үчүн чыккан деп ойлойм” десе, серепчи Темирлан Сарлыкбек уулу “ Митингге чыгууга ар бир жаран укуктуу, бирок эмне үчүн чыккандыгыбыз маанилүү” деген ойдун тегерегинде сөз уласа, “Тынчтык митингин өткөрүү маданияты бизде калыптана элек” деген активист Ренат Самудинов бир кыргыз эли эки-үчкө бөлүнбөй, бири-бирибиз менен согушпай сүйлөшүп алып барганды үйрөнө албай жатабыз деп, жеке ишкер Кылыч Исманбетов “Бизде митингдер демократиянын алкагында эмес, ойлонулбай эле агрессияга айланып кетет” деп, экс- депутат Надира Нарматова “митингге агрессивдүү адамдар барат, маданияттуулук менен күтүүнү, түшүнүүнү каалагандар барбайт деген оюн чечмелеген. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"