Жаңылыктар
Кадамжайда аскер унаасы жол кырсыгына кабылды
Кырсык
Кадамжайда аскер унаасы жол кырсыгына кабылды

Кадамжайда жол кырсыгынан жаракат алган беш аскердин абалы оор болгондуктан азыр жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Бул тууралуу райондук оорукананын башкы дарыгери билдирди. Анын айтымында, бир жоокерге операция жасалды.

Эскерте кетсек, 27-марттын кечинде Кадамжай районунун борборунда аскерлер түшкөн автоунаа кырсыкка кабылган. Унаа Кадамжайдын кире беришиндеги курулуп жаткан үйдү сүзүп токтогон. 

Анын ичиндеги жоокерлер Оштон Баткен облусундагы аскердик бөлүктөрдүн бирине машыгуу үчүн баратканы айтылды. 

Учурда 29 жоокердин бардыгы ооруканада, абалы жакшы жоокерлер бейтапканадан бүгүн чыгат. Буга чейин бир нече күн мурда дагы бул үйдү күйүүчү май ташыган машина сүзүп алган.