Жаңылыктар
Россия: эмгек мигранттары КРдагы саясий кырдаалдарга кабатыр
Саясат
Россия: эмгек мигранттары КРдагы саясий кырдаалдарга кабатыр

Россиядагы эмгек мигранттары акыркы күндөрү Кыргызстанда орун алган саясий кырдаалдарга кабатыр артышууда. Алыста жүргөн мекендештерибиздин каалаганы тынчтык жана туруктуулук. Алардын айрымдарынын айтууларында, кээ бир саясатчылардын жеке кызыкчылыгына  эмгек мигранттарын аралаштырып жатышы туура эмес. Биздин максат- өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө колдон келишинче кол кабыш кылуу жана элибиздин маданиятын башка мамлекеттерге  таанытуу. 

Белгилей кетсек, 25-мартта  экс-депутат Садыр Жапаров кармалган кезде анын тарапташтары Россиядагы мигранттар Жапаровду колдоо өтүнүчүн  билдиришип, диаспора  өкүлдөрүнө кайрылышкан. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"