Жаңылыктар
Ахматбек Келдибековдун соту уланууда
Саясат
Ахматбек Келдибековдун соту уланууда

Экс-спикер Ахматбек Келдибеков өлкөнү жана өкмөттү адаштырууга алып барган, каражаттарды максатсыз сарптаган. 

Мындай билдирүүнү «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Келдибековдун иши боюнча шаардык соттун отурумунда жасады. Анда Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу маселеси каралып, Текебаев токтомду кабыл алууда регламент сакталбаганын, маселе комитетте каралбаганын, кагаз түрүндөгү токтом да депутаттарга таркатылбаганын айтты. Бул жасалма иш кийин гана билинген деди депутат. 

Эл өкүлдүн айтымында, ал башка депутаттар сыяктуу эле Москвада өкүлчүлүк ачуу үчүн эмес, Санкт-Петербург шаарында ЕврАзЭс, ЖККУ жана КМШ парламенттер аралык ассамблеяларынын өкүлчүлүктөрүнүн штатын кеңейтүү үчүн добуш берген. 

Тарыхта буга чейин болбогон мындай институт төраганы тосуп алуу жана узатуу менен гана алек болмок. Мында мигранттар тууралуу сөз жок. Москвада боло турган кызматкерлер Бишкекте болуп, бул жактан айлык алып турушкан, - деди Текебаев.