Жаңылыктар
Армения-КР: экономикалык кызматташтык талкууланды
Экономика
Армения-КР: экономикалык кызматташтык талкууланды

“Спутник” маалымат агенттигинде «Армения-Кыргызстан: экономикалык өнөктөштүк жана келечек» аталыштагы түз көрмө көпүрө байланышы уюштурулду. Ага эки өлкөнүн экономисттери , эксперттер, өнөр жай тармагынын ишкерлери жана журналисттер катышты. Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер Бирлигинин вице-президенти Шамил  Борончиевдин айтымында Армения Кыргызстанда чыгарылган жеңил өнөр жай товарларына кызыкдар. 

Ошондуктан мындан ары эки  тараптуу кызматташуу мамилени тереңдетүү ниети бар экенин билдирди. Кыргызстан Армения республикаларынын ортосунда кызматташууну жаңы барагы ачылары белгиленди.  Ошондой эле ушул жылдын соңунда Бишкек - Ереван учак каттамы ачылары айтылды.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"