Апрель революциясында курман болгондордун жакындары өлкөдө туруктуулук болушун каалап, элди тынчтыкка чакырууда. Мындай пикирлерин маалымат жыйынында айтып чыгышты.
Алар айрым саясатчылар кылган иши үчүн жоопкерчиликтен кутулуу максатында карапайым жарандарды пайдаланып жатканын белгилешет.
Элди чагымчылдыкка алдырбоого үндөп, талаштуу маселелердин баары митинг менен эмес, мыйзам чегинде чечилиши керек дешет алар.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"