Президент Алмазбек Атамбаев КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду кабыл алды. КТРК башчысы Президентке өлкөнүн башкы телеканалын - коомдук телеберүүнүн принциптерине ылайык, мындан ары кандай өнүктүргөнү жатканы тууралуу пландарын айтып берди.
Ошондой эле санариптик берүүгө өтүү мезгилинде телеканалдын мазмундук сапатын жакшыртып, техникалык жактан модернизациялоо зарылчылыгы бар экендиги белгиленди.
Анын айтымында, КТРКны өнүктүрүү иши жарандык коомдун катышуусу менен биргеликте ишке ашырылууда.