Жаңылыктар
ӨКМ: Ак-Сай өрөөнүнө гуманитардык жүк жете элек
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: Ак-Сай өрөөнүнө гуманитардык жүк жете элек

Өзгөчө кырдаалдар миинстрлигинин, калың кардын туткунунда калган алыскы Ак-Сай өрөөнүндөгү малчыларга деген гуманитардык жүгү чыныгы ээлерине тие элек. 

Аларга жете турган жолду ачуу жумуштары климаттык шартка байланыштуу кыйын болуп жатат. Аба ырайы да кескин өзгөрүп, тазаланган участкалар кайрадан эле кар күрткүлөрүнө толуп калууда.

Ушундан улам, Нарын облустук бийлиги Ак-Сайга алда канча жакын болгон Кында белин ачууну көздөөдө. Ага жолдорду тейлөө, суу чарба ишканаларынын техникаларынан тышкары чек ара аскер бөлүгүнөн дагы кошумча жардамдар тартылды. 

Эскерте кетсек, ушундай эле аракеттер мындан бир ай мурда дагы жасалып, бирок андан күтүлгөндөй майнап чыккан эмес. Эгер бул жолкусунда ийгилик коштосо, тоо арасындагы кыштоолор менен байланыш дээрлик 100 чакырымга кыскарат.