Ош облусунун Алай районунда 27-март күнү саат 15:00 чамасында Будалык айыл аймагындагы Кум-Шоро айылынын Тектир участкасында 1988-жылы пайда болгон жер көчкүнүн кайрадан жылуусу байкалган. Жер көчкү 5 турак үйгө 300 метр жакындап, кооптуу абал жаралды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери, Кум-Шоро айылынын айыл өкмөтү жана жарандык коргонуу комиссиясы кооптуу жерде жашаган элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 4 турак үйдүн жашоочуларын туугандарынын үйлөрүнө көчүрүштү. Ал эми бир турак үйдө эч ким жашабагандыгы аныкталган.
Бүгүн, 28-март күнү тиешелүү адистер жеринде изилдөө, тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.