Жаңылыктар
Тай бокс: кыргызстандык спортчу биринчи жолу чемпиондук курду тагынды
Спорт
Тай бокс: кыргызстандык спортчу биринчи жолу чемпиондук курду тагынды

Тай боксу боюнча мекендешибиз Шахриза Халилова дүйнөлүк мелдеште алтын медаль утуп, аны менен бирге чемпиондук курду тагынды. 

Мелдеш Бүткүл Дүйнөлүк Муай Тай уюму тарабынан уюшулган. 

Жарым  профессионалдар арасында өткөн мелдеш 18-24-март аралыгында Бангкок (Таиланд) шаарында орун алды. 

Эске сала кетсек, буга чейин Шахриза Халилова дүйнөлүк мелдеште тай бокстун WMF (World Muaythai Federation) версиясы боюнча 2 алтын медаль уткан.