Жаңылыктар
Кадамжайдагы опурталдуу кырсыкка эмне себеп болду?
Өзгөчө кырдаал
Кадамжайдагы опурталдуу кырсыкка эмне себеп болду?

27-март күнү кечке жуук, Ош-Баткен жолунун Кадамжай районунун борборунда, Ош шаарынан Баткенге машыгууга бараткан аскерлер түшкөн автоунаа кырсыкка кабылып, 30 жоокер ооруканага жеткирилди. Учурда алардын алтоосунун абалы оор. Аскерлер түшкөн унаа жолдон чыгып кектен участокто буга чейин да бир нече жолу кырсык катталып, жергиликтүү эл нараазылыкка да чыгышкан. Жолдун бул кыйын бөлүгүндө кырсыктардын алдын алуу иштери жүрбөй турат.

Коргоо министрлигинин Баткендеги 30630 аскер бөлүгүнө окуп-машыгуу үчүн баратып кырсыкка кабылган жоокерлер Оштогу тоо аткычтар аскер бөлүгүнөн чыгышкан. Жол кырсыгы Ош-Исфана жолунун 123- чакырымда катталган. Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургун Алтынай Сопокова аскердик унаа эч кандай коштоочусу жок эле келгенин айтат. 

Азыркы учурда Кадамжай аймактык ооруканасында жол кырсыгына кабылган жалпы 30 жоокерге медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бактыга жараша каза болгондор жок. Алты жоокердин абалы жакшы болгондуктан ооруканадан чыгарылган.

Мындай жол кырсыктарын болтурбоо боюнча жергиликтүү тургундар нараазычылык акциясына да чыгышкан. Анда унаа жана байланыш министрлигинин дарегине сын-пикирлер айтылып, Ош-Баткен-Исфана жолунун Кадамжай районунан өткөн аралыгы талапка жооп бербестиги айтылган. Ал эми унаажолдор башкармалыгынын жетекчиси жол кырсыктары жүк ташуучу унаалардын техникалык жактан каралбагандыгынан жана айдоочулардын тажрыйбасы жоктугунан болуп жатат дейт.

Жыл башынан бери эле Ош-Баткен-Исфана жолунун 123-чакырымында 3 жол кырсыгы катталган. Окуянын ар биринде оор жүк ташуучу унаалардын башкаруудан чыгып кеткендиги же катуу ылдамдыгы себеп болгон. Буга чейинки күйүүчү май ташыган унаа катышкан жол кырсыгында болсо эки адам каза болгон.