Жаңылыктар
Ничке-Сай айылынын тургундарына камкордук
Өзгөчө кырдаал
Ничке-Сай айылынын тургундарына камкордук

26-мартта Ничке-Сай айылында каза тапкан Өмүрзак Эгемкуловдун үй-бүлөсүнүн жакындарына Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 200 миң сом жардам көрсөттү. Кырсык болгон аймакка барган эл өкүлдөрү элеттиктердин көйгөлөрүн жерине барып укту. Азыркы тапта, аталган айылдагы кооптуу аймакта жашаган 47 үй-бүлө ӨКМ тигип берген убактылуу чатырларда жашап жатат. Айыл башчы дагы 31 үй-бүлө көчүрүлөөрүн билдирди. Аталган айылда 468 кожолук жашайт. 

Быйылкы кыштын оор түшүп, жаан-чачындын көп болушу тоолуу аймактын тургундарын түйшүккө салды. Суу, сел ташкындары, жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктардын алдын алуу максатында, Ничке-Сай айылынынын айрым тургундары коопсуз жайга - айылдагы мектептин стадионуна көчүрүлдү.

Үч бир тууган Кошиевдер бир чатырга жайгашкан. Жайкы эмес,кышкы сезонго ыңгайлашкан чатыр, ичиндеги мештери менен орнотулуп берилди. Ар бир чатыр электр жарыгы менен камсыз болду.
Авазбек Акышевдин үйү- 1994-жылы эле, ӨКМ тарабынан кооптуу аймактагы үйлөрдүн тизмесине кирген. Уй ээсине мамлекет тарабынан жер тилкеси да бөлүнүп берилген. Жер тилкесинен да кол жууп калган тургун, өз учурунда там сала албай калганын каражатка байланыштырат. Азыр бул үй-бүлөнүн жети баласы бар.

Дагы алты үй-бүлө мектептин спорт залы менен жер төлөсүнө жайгаштырылды. Мында түнкүсүн жылуулук берилип турат. Бир бөлмөдө төрт үй-бүлөгө чейин жашап жатат.

Убактылуу чатырда күн кечирип жаткандар айылдык дарыгердин көзөмөлүндө. Дарыгер ачык асман астында эле тургундарды медициналык кароодон өткөрүүдө. Улууларды кан басымы түйшөлтсө, жаш балдарда ич келте оорусу бар. 


Аталган айылда жол маселеси да курч. 1994-жылдагы жер көчкү негизги жолду басып калгандан тартып, айылдыктар жол азабын тартып келет.
"Мамлекетибиз турат, президентибиз, өкмөтүбүз, эл шайлаган депуттарыбыз турат, сиздер эч качан көңүл сыртында калбайсыздар. Президент бул тарапта болуп жаткан иштерди өзү көзөлүнө алып отурат,. Бир аз сабыр гана кылып тургула, калганын баарын чечсе болот, убакыт керек",- деди Жогорку Кеңешти депутаты, КСДП фракциясы Аалы Карашев.
Аалы Карашев, 26-мартта жер көчкүнүн курмандыгы болгон Өмурзак Эгемкуловдун үй-бүлөсүнүн жакындарына көңүл айтып, Жогорку Кеңештин атынан 200 миң сом тапшырды. Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-мартка белгиленди.

Азыркы тапта, аталган айылдагы дагы 31 үй-бүлөнү көчүрүү муктаждыгы бар. Булар үчүн ОКМ эртеңкиге чейин дагы 10 чатырды коопсуз жайга орнотоорун билдирди. Аталган кызматтын маалыматында, жаздын келиши, күндүн жылышы менен ар кандай табигый кырсыктар болуп кетиши мүмкүн. Алсак, соңку эки күндүн ичинде Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондорунда да жер көчкүнүн жылганы байкалган.

Аталган кызматтын билдирүүсүндө, жалпы Ош облусунун аймагында жер көчкү коопсуздугу сакталган 350дөн ашуун аймак бар. Мындан улам, дал ушул аймактарда жайгашкан 1800дөй турак- жайдын жашоочуларын коопсуз жакка көчүрүү муктаждыгы турат.