Жаңылыктар
Өкмөт өлкөдөгү шаарларды өнүктүрүүнү колго алды
Экономика
Өкмөт өлкөдөгү шаарларды өнүктүрүүнү колго алды

Өкмөт аймактарды өнүктүрүү стратегиясынын алкагында, 20 пилоттук шаарды өнүктүрүү максатында тандап алды. Программанын негизинде сыноо иретинде тандалган шаарларды ар тараптуу өнүктүрүүгө күч жумшалат. Бул аракеттер аймактардын бир кылка өнүгүүсүн камсыз кылат жана ички миграцияны токтотот. Долбоор туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында иштелип чыкты.

Өлкө эгемендикке ээ болгондон бери ар кандай себептерге байланыштуу аймактар бирдей шартта өнүкпөй келет. Анын кесепетинен ички миграция күч алып, жарандар Бишкек менен Ош шаарына агылууда. Эми аймактын баарын бир кылка өнүктүрүү үчүн экономикалык борборго айлантуу, адистешүүнү ишке киргизүү, сапаттуу социалдык тейлөө, инфраструктура жакшырат. Адегенде сыноо иретинде 20 шаар тандалып алынды. Бул географиялык, инфраструктура жана өнөр жай багыты боюнча өнүктүрүүгө ылайыктуу аймактар.
“Экономикалык активдүүлүктү күчөтөбүз. Биз ошол жерге өндүрүштү алып барабыз. Бала бакча, алып барабыз мектептерди алып барабыз инфраструктараны оңдойбуз, ошол эле эс алуу жайларын парк, кинотеатрлар баардык болгон шарттарды регионго алып барып түзүп берсек анда алар шаарга келген муктаждыктары да азаят да",- деди Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев. 


Ар бир аймак менен жекече иш жүргүзүлөт. Азыр ыкчам иш башталды десе болот. Биринчи баскычта алты шаарды өнүктүрүү каралууда. Бул Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас, Ош менен Баткен. Жумуштар бюджеттеги каражаттын эсебинен ишке ашырылат жана ишканаларды ачууда сырттан инвесторлор тартылат. Ар бир шаардын мүмкүнчүлүгүнө шартына ылайык өз-өзүнчө бизнес долбоорлор даярдалат. Азырынча Жалал-Абад менен Каракол шаары боюнча долбоорлор аныкталды.

Аймактарды өнүктүрүү концепциясына Талас шаары кирген. Учурда аймак жетекчилиги ириде ишке ашырууну талап кылган бир топ багыттар аныкталганын билдирди. Бул шаардын инфраструктарасын оңдоо, тейлөө кызматын жакшыртуудан тартып, өндүрүш ишканаларын ачууга тикелей инвестицияларды тартуу, туризм тармагын өнүктүрүү жана ЕАЭБ алкагында транзиттик аймакка айлантуу боюнча иш чаралар планы бекитилген.

Аймактарды күчтөндүрүү менен өлкөнүн бүтүндөй туруктуулугун ал гана эмес чек ара аймактарын бекемдөө мүмкүн. Концепциянын башкы максаты да ушуну көздөйт.