Жаңылыктар
Бишкекте жылуулук азырынча өчүрүлбөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жылуулук азырынча өчүрүлбөйт

Апрель айынын башында аба ырайы кескин суук болоору күтүлүп жаткандыктан жылуулук азырынча өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, кийинки айда аба ырайы туруктуу жылуу болгон учурда жылуулук берүү токтотулат. Учурда Бишкек шаардык жылуулук берүү борборунда жетиштүү деңгээлдеги көмүрдүн кору бар жана ал кенен жетет. Ошол эле учурда быйыл Бишкек ТЭЦнин экинчи агрегаты сыноо иретинде ишке киргизилгени турат. Буга чейин биринчи агрегат 6-мартта пайдаланууга берилип, сыналган. Жалпылап айтканда кыш катаал болгонуна карабай кыштан ийгиликтүү чыгууга мүмкүн болду. Көмүр менен көгүлтүр от сарамжалдуу пайдаланылып, жалпысынан 715 миллион сом үнөмдөлдү.

“2017-жылдын 1-апрелине карата 12,7 млрд кубо метрдин деңгээлинде суу топтолот деген ойдобуз. Бишкек шаарынын жылуулук борборунда аба ырайынын суукташынан Бишкек ТЭЦ иштеп жатат",- деди Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев.