Жаңылыктар
Казак-өзбек мамилеси бекемделүүдө
Саясат
Казак-өзбек мамилеси бекемделүүдө

Өткөн жумада Астанада Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Өзбекстандын жаңы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев жолукту. Бул жолугушууда эки лидер Арал көлү, суу-энергетикалык маселелер жөнүндө сүйлөштү. Андан тышкары эки өлкөнүн жетекчилери Борбордук Азиянын суу ресурстары аймактагы өлкөлөрдүн жалпы байлыгы деген пикирин айтты.

Айрым эксперттердин айтымында Ливиянын мурунку башчысы  Муамар Каддафинин мүдөөсү   өлкөсүн суу менен толук камсыз кылган долбоорду иш - жүзүнө ашыруу эле.Дал ушул себептен   Батыш өлкөлөрү Каддафини бийликтеп алып түшкөн. Ошондуктан мамлекетебиз суу ресурстарын коргоо үчүн умтулушу зарыл дейт адистер. Кененирээк аудио аркылуу укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз.Батилов.Тааныштырган Суймөнкул Идирисов болду.