Жаңылыктар
Кыргыз улуттук академиялык драма театры 90 жылдыгын белгиледи
Маданият
Кыргыз улуттук академиялык драма театры 90 жылдыгын белгиледи

28-мартта - Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 90 жылдыгын белгиледи. Улуттун сыймыгы  болгон рух ордосунун маарекесине Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек  Атамбаев  атынан  куттуктоосу менен финансылык колдоо иретинде 1 миллион сомдук  серитификат  жана бир катар чыгармачыл инсандарга президенттин энчилүү сааты тартууланды. 

Ошондой эле  Кыргыз Республикасынын премьер-министринин энчилүү сааты менен эл артисттери: Сатыбалды Далбаев жана  Асанкул Осмонов сыйланды. Ал эми  Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан  200 миң сом берилди. Мындан сырткары “Kg групп” компаниясынын президенти Имамидин Ташев жарым миллион сом, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек  Артыкбаев 100 миң сом, экс-премьер-министр Темир Сариев 100 миң сом  тапшырды. 

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"