Жаңылыктар
Садыр Жапаровдун 12 тарапташы камакка алынды
Кылмыш
Садыр Жапаровдун 12 тарапташы камакка алынды

Мурунку депутат Садыр Жапаровдун 12 тарапташы эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган. 25-март күнү мурунку депутат Жапаровдун тарапташтары аны колдоо иретинде митингге чыгып, тартип бузгандыгы үчүн 105 адам кармалган. Алардын 64ү эки күндөн беш күнгө чейин камакка алынып, калгандарына административдик айып салынган. Ал эми Садыр Жапаров Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө бүтмөйүн камакта калтырылат. 

Жума соңунда болгон Жапаровду коргоо митинги коомчулукта кескин сынга кабылды. Талдоочулар орун алган баш-аламандык Садыр Жапаровдун чагымчылдыгы, элдин ыркын кетирүүгө кылган аракети деп баалап, саясий маданияттын төмөндүгү экендигин айтууда. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"