Жаңылыктар
Райкан Төлөгөнов мародерлук ишке шектелип камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Райкан Төлөгөнов мародерлук ишке шектелип  камакка алынды

Мародерлук иш-аракеттерге катышы бар деген шек менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Райкан Төлөгөнов кармалды. Ага 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу талап-тоноочулук, мүлккө атайлап зыян келтирүү жана жок кылуу, ок дарыларды, куралдарды майзамсыз алып жүрүү, аны таратуу жана сактоо боюнча айып тагылууда. 

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Райкан Төлөгөнов - УКМКнын тергөө абагына, тергөө иштери аяктаганга чейин камака алынды.

 

Белгилей кетсек 2010-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта Бишкек шаарындагы Бакиевдерге жана анын жакындарына таандык мүлктөр, анын ичинде кеңеселер, турак үйлөр таланып тонолгон. 

Тергөөчүлөр буга чейин иликтөө иштерин жүргүзүп, бул кылмыштуу окуяларда атайын уюшулган топ - "Ата Мекен" партиясынан чыккан Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Райкан Төлөгөновдун жетекчилиги астында иш алып барганын аныктаган. Учурда тергөөчүлөрдө далил материалдар менен күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, жада калса бул кылмыштарга катышкандардын да так көрсөтмөлөрү бар экени айтылууда.

Алексей Летинский - “Квант-Эфир” компаниясынын башкы директору: 

“Бизде бардык документтер бар. Милдеттенмелердин баарын аткардык. Бирок Вести кж, Заноза сайттары жалган маалыматты бир нече жолу жарыялаганы компаниябыздын имиджине шек келтирди. Ошондуктан компания аталган сайттар менен маселени сот аркылуу чечүүнү көздөп жатат.”