Жаңылыктар
Кыргызстандын үч жогорку окуу жайы эң коррупцияланган деп табылды
Коррупция
Кыргызстандын үч жогорку окуу жайы эң коррупцияланган деп табылды

Социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын үч жогорку окуу жайы эң коррупцияланган деп табылды. Алар Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз улуттук университетти жана Кыргыз техникалык университтети аталган. Сурамжылоону  жаштар парламентинин ыктыярчылары 9 жогорку окуу жайдын студенттеринин арасында жүргүзгөн. Ага 900 студент катышып анонимдүү түрдө суроолорго жооп беришти. 

Жаштар парламенти 2016 жылы сентябрь айында тарта жаштар байланышкан бир топ көйгөйлүү маселелерди талкулоого жетишти. Алардын катарында жогорку окуу жайдагы коррупцияны жоюу, өлкөдө кибер спорту жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү маселесин талкуулашып иш жүзүнө ашырууну демилгелешүүдө.

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”