Жаңылыктар
Ак-Сайда кутурма илдетине шектелип жаткан мал-жандыктар текшерилүүдө
Ден соолук
Ак-Сайда кутурма илдетине шектелип жаткан мал-жандыктар текшерилүүдө

Кытай менен чектеш Ак-Сайдагы кыштоолорго кетүүчү жолдор жабылып турганы аз келгенсип, бул аймакта мал арасында кутурма оорусу каттала баштады деген маалыматтар бар. 

Мына ушундай илдетке шектүү делген бир койдун башы борбордогу лабораторияга анализге жиберилди. Анын жыйынтыгы 4-5 күндүн ичинде белгилүү болуп калат. Ошол эле учурда жол жоктугунан улам жергиликтүү ветеринарлар атайын барып, абалды жеринен билүүгө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп турат. Жергиликтүү бийлик башындагылар, эгерде абал чын эле кыйын болсо, төрт түлүктү дарылоого вакциналар жетиштүү деп билдирүүдө.

"Бир-эки жерде кутурмага шектүү деген кабар келип түшкөн. Бирөө Аттоеуров деген фермердин кою. Анын тегерегиндеги малдардын баары эмдөөдөн өттү. Экинчиси ат, ал жанында турган дагы эки атты кажып ийген. Аны чабандар өлтүрүп көөмп коюшкан. Бирок, ал жерге биздин адистер жолдун жоктугунан жете албай келишти",- деп билдирди Нарын облустук ветеринария жана фитосанитария башкармалыгынын башчысы Жалил Алымкулов.