Жаңылыктар
Кош бойлуу учурдагы коркунучтарды алдын алууга болот
Кыргызстан жаңылыктары
Кош бойлуу учурдагы коркунучтарды алдын алууга болот

«Кош бойлуу учурдагы коркунучтарды алды- алууга болот», -деди өткөрүлгөн иш чарада Республикалык ден-соолукту чыӊдоо борборунунун адиси Сагын Уезбаев.

Жакында түштүк аймагында ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн азайтуу максатында окутуулар өткөрүлдү.  Бул иш чара КР саламаттыкты сактоо министрлигинин «Эне жана баланын ден-соолугун коргоо» программасынын алкагында болду.  Окутууга Ош, Баткен, Жалалабад шаарларында облустарынын ден соолукту чыӊдоо кабинетинин адистери, кош бойлуу аялдар, эки жашка чейин балдары бар энелер, айылдык ден соолук комитеттеринин адистери катышты.

Адис Сагын Уезбаев буларга токтолду: «Биз алгач адистерди жана кээ бир кош бойлуу аялдарды, эки жашка чейин балдары бар энелерди окутабыз. Алар жер жерлерде үй-бүлө мүчөлөрүнө маалымат таратышат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жаш балдардын жана энелердин өлүмүнүн себеби маалыматтын жетишсиздиги жана кош көӊүлдүүлүк. Адатта алыскы аймактардан боюнда бар аялдар учурунда борбордук оорканаларга жетпей төрөп, ар кандай маселерди пайда кылат. Кээ бирлери каражат жоктугуна байланыштуу борборго жетпей калышат. Ушул жана башка көйгөйлөрдү чечүү жолдорун карадык».

«Мен биринчи баламда толгоом башталып, айылдан аймактык ооруканага бара жатып машинабыздын бензини түгөнүп калат. Кыйналып жатып жолдо төрөгөм. Албетте, кийин анын кесепетин тарттым. Ал эми бул окутуулардан кийин бизге даярдоо баракчалары берилди. Ошол баракча боюнча даярданып жатам. Мисалы, алдын-ала бензинге акча топтоп койу. Толгоо башталса, төрөт үйүнө баргандагы баштыкчаны даярдоо жана аны баардык үй-бүлө мүчөлөрүнө белгилүү жерге жайгаштыруу. Ушул жана башка айтылган нерселерди камдап жатам», - Араван районунун Акшар айылынын тургуну окутуунун катышуучусу Шахноза.

Адистердин айтымында, ооруган наристелерди дароо дарыгерге алып барбай үйүндө кармашат. Ата-энелердин кош көӊүлдүгүнүн кесепетинен балдарга учурунда жардам берилбей калат.

Статистикалык маалымат боюнча 2012-жылда 1000 тирүү төрөлгөн балдардын арасынан 1 жашка жетпей 20сы чарчап калса, 2015 –жылы 18зи каза болгон. Ал эми 100 000 кош бойлуу жана төрөгөн аялдардын ичинен набыт болгондордун саны 2012жылы 49,1 болсо 2015-жылы 38,5 түзөт.

Кошумчалай кетсек, иш –чара ЮНИСЕФ уюмунун каржылоосунда өткөрүлдү. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен бул көйгөйдүн төмөндөшү күтүлүүдө.