Жаңылыктар
Өмүрбек Текебаев камакта калды
Кыргызстан жаңылыктары
Өмүрбек Текебаев камакта калды

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев камакта калды. Мындай чечимди Текебаевдин жактоочуларынын доо арызын караган Жогорку сот чыгарды. 

Жогорку сот - Текебаевдин адвокаттарынын даттануу арызынын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 27-февралда чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Ага ылайык, Текебаевдин УКМК тарабынан кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, эки айга чейин тергөө абагында камоо чечими чыгарылган. Бул чечимди 9-мартта Бишкек шаардык соту дагы күчүндө калтырган.

Эске салсак, “Ата-Мекен” партиясынын лидери орус ишкеринен миллион доллар алган деп айыпталып, 27-февралда кармалган. Аны эки айга камоо чечимин Биринчи май райондук соту чыгарган. Шаардык инстанция да аны күчүндө калтырган. Жогорку сот ишти карап жаткан учурда Текебаевдин тарапташтары “Ата-Мекен” партиясынын лидерин колдогон акция өткөрүштү.