Жаңылыктар
"Эрте никеге тыюу салуу боюнча" мыйзам долбоору кандай иштеп жатат?
Кыргызстан жаңылыктары
 "Эрте никеге тыюу салуу боюнча" мыйзам долбоору кандай иштеп жатат?

2016-жылдын ноябрь айында кабыл алынган, "Эрте никеге тыюу салуу боюнча" мыйзам долбоору кандай иштеп жатат?. Ушул маселеге арналган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтер, жарандык коом, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги жана эл аралык уюмдардан өкүлдөр катышты. 

Жашы жетпей күйөөгө тийген кыз өзүнүн үй-бүлө куруудагы жоопкерчилигин толук түшүнө албайт. Өзү али бала болуп туруп турмуштун оош-кыйышын талдап, туура чечим кабыл алганга даремети жетпейт. 

Себеби, анын психологиясында туруктуу жүрүм-турум калыптана элек болот. Мындан улам, эне менен баланын өлүмү жана ажырашуулар көп катталат. Серепчилердин айтымында мыйзам долбоору эл арасында тамырлап, толук жакшы иштеп кетишине бир аз убакыт талап кылынарын айтышууда.