Жаңылыктар
Айыл аймактарындагы жолдор качан оңолот?
Кыргызстан жаңылыктары
Айыл аймактарындагы жолдор качан оңолот?

Ала-Бука районунан 60 чакырымдай алыс турган Биринчи май айыл аймагынын жашоочулары, жолдорубуз оңолсо дешет. Анткени, район борборуна баруучу жолдун абалы оор. Каттамдын айрым жерлери сел жүрүүчү аймактарды аралап өткөндүктөн, эрте жазда келген суулар жолду бузуп келет. 

Мындан улам, каттам үзгүлтүкө учурап да калат. Жүргүнчү ташып жан баккан айдоочулар болсо, абалы начар жолдо унааларынын тетиктери тез эле жарактан чыгып жатканын айтып кейишет. Биринчи май айыл аймагы коңшу Өзбекстан өлкөсү менен чектешип, стратегиялык аймактардын катарын түзөт. Анда 14 миңден ашуун калк жашайт.

“Жолубуздун абалын көрүп жатасыңар,өтө оор акыбалда. Эрте жазда абалы начар болуп кетет. Эки саат дегенде район борборуна зорго барабыз.Биздин жолду асфальт кылып берсе жакшы болмок. Айдоочулар үчүн эле эмес, жүргүнчүлөр үчүн да жакшы болмок”,- дейт  айдоочу Бектемир Ниязов.

“Жылда сел алып кете берген каттамды башка жак менен алып өтүү үчүн жол министри менен биргеликте өткөн жылы 7 км аралыктын долбоорун даярдаганбыз.Сел дайым ошол 7 чакырымды алып кетет. Ал үчүн 45 миллион сом керектелет экен. Бирок бизге быйыл 15 миллион сомун берип турса жакшы болмок, анткени 7 чакырымдын ичинен эң оор жерлерин башка жак менен алып өтүп турат элек. Абал бир аз жеңилдемек”,- дейт Биринчи май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев.