Жаңылыктар
Бишкектеги "Ак Кула" ат майданына оңдоо иштери жүргүзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги "Ак Кула" ат майданына оңдоо иштери жүргүзүлөт

Бишкектеги "Ак Кула" ат майданы реконструкцияланат. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен чогуу ипподромдун абалы менен таанышып чыгып, ат майданды заманбап кылып жаңылоо зарыл экенин белгиледи. Бул жумуштарды ишке ашырууга өкмөт тарабынан каражат бөлүнмөй болду. Убагында менчиктештирилип кеткен бул комплекс кароосуз калган.

Соңку учурда улуттук ат оюндарына, анын ичинде бүйүрдү кызыткан улак тартышка кызыккандардын саны көбөйүп жатат. Көчмөн элдин көөнө оюунуна жада калса чет элдиктердин да жан дилден сүрөп келгенин байкаса болот. Бабалардан калган бул оюн дүйнөнүн кыргыз элине болгон сый-урматын,таң калуусун багынтып келүүдө. Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында улак тартыш же көкбөрү бир даңазаланса, жакында Нооруз майрамында дагы бир жолу даңталды.

Бирок бул жолку оюндарда бир аз чекилик кеткендей болду. Улакчылардын көкүрөк отун курчутуп, дем берип турганга келгендер “Ак Кула” ат майданына батпай, көрүүчүлөрдүн жосунсуз кылыктарын маданиятсыздык деп сындагандар көп болду. Чын-чынына келгенде эл сүйгөн оюнду көрүүгө шарт түзүлүшү керек эле. Убагында “Ак Кула” ипподрому менчиктештирлип кеткендиктен талапка жооп бере турган инфраструктара түзүлбөй келген. Он беш жылдык соттук териштирүүлөрдөн кийин атмайдан муниципалдык менчикке кайтарылды.

Ипподромдо улак тартыштан кийин инфраструктарык маселелер калкып чыккандан кийин маселеге чара көрүүнү тапшырган өкмөт башчы ипподромдун абалына өзү күбө болду. Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен ипподромдун кыдырып чыгып, атмайданды заманбап кылып жаңылоо зарылдыгын белгиледи. Муниципалдык менчикке өткөн соң “Ак Кула” атмайданы реконструкцияланып, модернизацияланат. Бул жумуштарды ишке ашырууга өкмөт тарабынан керек болгон каражат бөлүнөт.

Ипподромдун жалпы аянты 57,4 гектарды түзөт жана 3 миң көрүүчүгө ылайыкталган орундуктар бар. Ипподромдун аймагында административдик имараттар, ат оюндарын, таймаштарды өткөрүүгө ылайыктуу аянт, кампа, аткана жана башка жайлар орун алган. Премьер-министр тийиштүү агенттикке “Ак Кула” атмайданынын айланасында түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгып, сунуш киргизүү тапшырмасын берди.