Жаңылыктар
Өзгөндөгү жер көчкү алдынан эки баланын сөөгү чыгарылды
Өзгөчө кырдаал
Өзгөндөгү жер көчкү алдынан эки баланын сөөгү чыгарылды

Бүгүн, 29-мартта Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Ничке-Сай айылында жер көчкү басып калган жарандарды издөө учурунда куткаруучулар эки баланын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Куткаруучулар тарабынан саат 14:00дө эркек баланын сөөгү көчкү алдынан чыгарылган, ал эми жарым сааттан кийин экинчи баланын денеси табылып, казып чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Учурда алардын аты-жөнү такталууда. 

Эскерте кетсек, 26-мартта таңга жуук Ош облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, бир турак жайды басып, төрт балалуу үй-бүлө көчкү алдында калган.