Жаңылыктар
Мародёрлук боюнча иш
Саясат
Мародёрлук боюнча иш

Тартип коргоо органдарынын мародёрлукка байланыштуу иштерди ачыкка чыгаруусуна мурдагы башкы прокурор Аида Салянова тоскоол болгон. Окуяларды электен өткөрүп, талдаган эксперттер дал ушундай жыйынтык чыгарышууда. Ал ортодо “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү “Эмне үчүн мурда эмес, эми камакка алуулар жүрүп жатат?” деген маселени көтөрүүдө.

Экс-депутатка байланыштуу окуя коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Индира Жолдубаева башында турган Башкы прокуратура талап-тоноочулукка байланыштуу ишти иликтеп, атайын кызматка өткөрүп берди. Ал эми УКМКнын өкүлдөрү көп күттүрбөстөн, ушул эле күнү Райкан Төлөгөновду кармады.

"Мародёрлукка байланыштуу иш жакында эле эмес, 2012-жылдын август айында козголгон. Учурунда аны колго алып, иликтөө жүргүзгөн мурдагы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев убакыттын создугуп, жыйынтык чыкпаганын мурдагы башкы прокурордон көрөт",-деп билдирди УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов.