Жаңылыктар
Кыргызстанда кант кызылчасын кайра өндүрүү заводу ишке кирет
Айыл чарба
Кыргызстанда кант кызылчасын кайра  өндүрүү заводу ишке кирет

Быйыл күздөн тарта кыргызстандыктарда сырттан шекер сатып алуу болбойт. Күзгө жуук эми "Кошой" заводу ишин жандантып, атаандашы "Кайыңды-Канттын" түйшүгүн тең бөлүшкөнү жатат. Жергиликтүү калкты кант менен камсыз кылып эле тим болбой экспортко чыгарууга шарт түзүлөт. 

Завод акыркы жолу кант кызылчасын 2004-жылы кайра иштеткен. 13 жылдык тыныгуудан кийин ишкана ишин 1-октябрдан баштап кайра жандантканы турат. Өндүрүшчүлөрдүн айтуусунда завод суткасына 3 миң тоннага чейин кызылчаны кайра иштетет.

Азыр тетиктерди ширетүү, оңдоо-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Ири заводдун айрым жабдыктары оңдолуп кайра иштетилсе, негизгилери чет өлкөдөн сатылып келет. Керектүү жабдыктарга буйрутма берилген. Түтүктөр алмаштырылып, инфраструктура жакшыртылат. Ондоо иштерине 350 адам тартылса, завод иштеп баштаганда жумушчулардын саны миңге жетет.

Заводду модернизациялоого кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 10 миллион доллар насыя бөлдү. Кредиттин үстөк пайызы жылына 4 %. Алгачкы эки жылда пайызы төлөнүп, андан кийин негизги сумма төлөнүп баштайт.