Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотекага батир алуу жөнөкөйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ипотекага батир алуу жөнөкөйлөштү

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан бюджеттик мекемелерде эмгектенген кызматкерлерге үстөк пайызы төмөн насыя бериле баштаганына бир жыл болду. Ушул күнгө чейин мамлекеттин каржылоосу менен миңге жакын адам турак жайга ээ болгон.Үй алууну көздөп, документтерин тууралап, тизмеде кезекте турган адамдын саны 7 жарым миңге чукулдайт.

Көп жылдан бери батирде жашаган Жанна жакында өзүнө таандык үйгө ээ болгон. Элдин саламаттыгына кам көргөн дарыгер реанимация бөлүмүндө оор кесипти аркалап иштейт. Үстүндө үйү жок дарыгер кызы менен батир жалдап жашап, кыйынчылыктарды көргөн. Медайымдын айтымында, мамлекеттик программанын ишке кириши бюджет тармагындагы кызматкерлер үчүн ыңгайлуу болду.

“Батирде жашаган мага кыйын эле болду, айлыгымды бирөөнүн чөнтөгүнө салып берчүмүн. Азыр жакшы, акчамды өз үйүмө жумшайм. Бул программа мурун эле чыкса жакшы болмок, мен үй алсам кесиптештерим дагы документ толтуруп тизмеге кирди”,- деп билдирди №1 шаардык клиникалык оорукананын кызматкери Жанна Сатыбалдиева.

Ушул күнгө чейин ипотекалык каржылоо аркылуу турак-жайга ээ болгондордун арасынан мугалимдер алдыда бара жатат.