Жаңылыктар
Сузак районунун Кыз-Көл айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту
Кыргызстан жаңылыктары
Сузак районунун Кыз-Көл айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушту

Сузак районунун Кыз-Көл айылы булактан чыккан сууларды таза суу катары колдонуунун жолун табышты.  Айыл башындагы үч булактын көзүнө 24 тонналык 2 жана 15 тонналык 1 челек орнотулуп, элеттин эң орчундуу маселеси жөнгө салынды.

Бирок аны менен жалпы элдин муктажыдыгы чечилген эмес. Айыл четиндегилер мурункудай эле арыктан суу ичкенге аргасыз болсо, башкалары кезек күтүп суу ташып келишкен. Андыктан эл биригип, булактан чыккан сууларды максаттуу колдонуу демилгесин көтөрүшкөн.

“Бул булактын абалы мурда өтө начар болчу. Бул жерден мал жан суу ичет эле. Алар менен кошулуп биз да ичет элек. Кийин элдер сүйлөштүк, булактын көзүн тазалап, бул жерге 24 тонналык суу бочкасын курдук”,-деп билдирди Кыз-Көл айылынын тургуну Нурдин Төрөканов.