Жаңылыктар
“Кыргызнефтегаз” башкармалыгынын башчысы кармалды
Кылмыш
“Кыргызнефтегаз” башкармалыгынын башчысы кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, “Кыргызнефтегаз” ишканасынын башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жумашевге, Кылмыш кодексинин 221-беренеси менен кылмыш ишин козгоду. 

Жумашев “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган, - деп айыпталып жатат. Маалыматта “Кыргызнефтегаздын” бир катар жооптуу кызматкерлери 2014-жылы Орусиянын “Спецсервис” компаниясы менен техникаларды алып келүү боюнча мыйзамга каршы келишим түзгөн. Бирок, ал техникалар “Кыргызнефтегазга” келбесе да, ири суммадагы акча Орусиянын компаниясына которулуп кеткен. 

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура “Кыргызнефтегаз” жана “Спецсервис” ишканаларынын жооптуу жетекчилерине “алдамчылык” жана “расмий документтерди жасоо” боюнча кылмыш ишин козгогон.